Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Австрия украин олигархы Фирташты АКШга экстрадициялайт


Дмитрий Фирташ.
Дмитрий Фирташ.

Австриянын Жогорку соту украиналык олигарх Дмитрий Фирташты АКШга экстрадициялоо тууралуу чечим кабыл алды. Экстрадициялоого эми Юстиция министрлигинин да макулдугу керек.

Австриянын бийлиги Фирташты 2014-жылы АКШнын өтүнүчү менен камакка алган. Ал курамында титаны бар кенди иштетүүгө лицензия алуу максатында индиялык аткаминерлерге пара берген деп айыпталып жатат. Олигархтын адвокаттары болсо Индиядагы кылмышты иликтөөгө АКШнын юридикалык укугу жок деп эсептешет.

Ишкер негизги байлыгын газ сатып топтогон жана АКШнын күч органдарын анын Орусия менен болгон мамилеси да кызыктырат.

Фирташты Украинанын мурдагы президенти, ушул тушта Орусияда баш калкалап жүргөн Виктор Януковичтин башкы финансисти деп атап жүрүшөт.

Ишкерге Украинада да кылмыш иши козголгон, ага өлкө казынасына 217 миллион доллар чыгым келтирген деген айып коюлган.

Испания дагы аны арам акчаны адалдоого байланыштуу айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG