Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:50

Жамшитов: Атаханов Батукаевди бошотууну жеке Атамбаев тапшырганын билдирди


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма берген. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 25-июнда ЖК комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул тууралуу мурдагы вице-премьер-министр, Батукаевдин иши боюнча тергөө абагында отурган Шамил Атаханов көрсөтмө берген.

- Экс-президент Атамбаев Батукаев уюшкан кылмыштуу топтун жетекчиси, "мыйзамдагы ууру" деген каймана атка ээ экенине, коомчулукка жана мамлекетке өзгөчө коркунуч жаратарына карабастан аны камактан мыйзамсыз бошотууну чечкен. Бул багыттагы иш-чараларды уюштуруу жагы Атахановго (Шамил – ред.) тапшырылган. Кылмыштуу ишти аткарыш үчүн Атаханов укук коргоо, сот жана мамлекеттик органдардын жогорку мамлекеттик кызматкерлер менен алдын-ала сүйлөшүп алып Батукаевди бошотуу менен республиканын аймагынан чыгаруу жана бул багытта тийиштүү чараларды көрүү боюнча талаптарды коюп, бошотуу жеке Атамбаев менен макулдашылганын билдирген, - деди Жамшитов.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү, юрист Нурбек Касымбеков Башкы прокуратуранын кол тийбестик жөнүндө бүтүмү боюнча «Азаттыкка» комментарий берип, чечим атайылап шашылыш кабыл алынганын айткан. Атамбаев өзү буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосу боюнча билдирүү таратып, парламенттин аракетинин артында азыркы президент турганын жана бийлик өзүн жалган айып менен соттогусу келип жатканын айткан.

Бүгүн, 25-июнда парламенттин тармактык комитети экс-президентти кол тийбестик макамдан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна карата Башкы прокуратура берген бүтүмдү караган. Жыйында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттык комиссия койгон айыптардын арасынан экс-президент "өз кызыкчылыгы үчүн бардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш топ түзүп, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугунтуктады" деген кинеге катышы жок деп табылганын, калган бешөө боюнча кылмыштын белгилери бар деген бүтүм чыгарылганын жарыялады. ​

Алар – "Кой-Таштагы үйүнүн жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган "Ака инвест" компаниясына тиешеси бар, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, ЖЭБге көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон" деген айыптар.

Парламент 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Башкы прокуратуранын Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча корутундусу эми парламенттин жалпы сессиясында каралып, добушка коюлушу керек.

"Мыйзамдагы ууру" атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан кылмыш иши быйыл жыл башында жанданып, дарыгер, мурдагы аткаминерлер баш болуп ондон ашык киши кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG