Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Орусияда Польшанын жараны тыңчылыкка байланыштуу соттолду


С-300 зениттик-ракеталык комплекси.
С-300 зениттик-ракеталык комплекси.

Орусиянын Москва шаардык соту 25-июнда Польшанын 42 жаштагы жараны Мариан Радзаевскини тыңчылык боюнча күнөөлүү деп тапты жана 14 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууга өкүм чыгарды.

Радзаевски былтыр апрель айында камакка алынган. Айыптоо материалдарына ылайык, ал Орусияда мамлекеттик сыр деп эсептелген маалыматтарды топтоп, чет өлкөлөргө сатууну көздөп жүргөн. Орусиянын коопсуздук кызматы Радзаевски С-300 зениттик-ракеталык комплекстеринин жашыруун жабдууларын Польшага алып кетүүгө аракет кылганын билдирген.

Мариан Радзаевски менен анын адвокаттары айыпты четке кагып, соттун жогорку инстанциясына кайрылганы жатышат.

Маалымат каражаттар ал Белосток деп аталган шаарда жашаган ишкер экенин, чиедей алты баласы бар экенин жазышты.

XS
SM
MD
LG