Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Бишкекте абактагы аткаминерлерди колдогон акция өтөт


Сапар Исаковдун соту.
Сапар Исаковдун соту.

Бүгүн, 26-июнда КСДПнын кеңсеси жайгашкан «Медиа Форум» имаратынын алдында «Эркин микрофон» акциясы өтөт. Акцияны «Апрель» телеканалы уюштуруп, ал «Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» телемарафонунун алкагында өтмөкчү.

Учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда иштеген айрым аткаминерлер Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу, Улуттук тарых музейин оңдоодогу, Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушундагы жана башка коррупциялык иштер үчүн айыпталып УКМКнын тергөө абагында отурушат.

22-июнда Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен болгон жолугушууда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары Карамат Орозова, Асел Кодуранова, Анвар Артыков жана аймактан келгени айтылган адамдар «президент Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына каршы саясий куугунтук кылып жатканын» айтышкан.

Анда Атамбаев азыркы бийлик Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коргоп жатканын дагы бир жолу кайталап, Сапар Исаков баш болгон КСДПнын бир катар мүчөлөрү Матраимовдун кызматтан алынганына байланыштуу абакта отурганын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG