Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

Трамп Путин менен Жапонияда жолугат

Владимир Путин жана Дональд Трамп.
Владимир Путин жана Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен ушул аптанын соңунда Жапониянын Осака шаарында өтө турган «Чоң жыйырманын» саммитинде жолугат.

АКШ администрациясынын өкүлүнүн айтымында, жыйын учурунда Трамп Путинден тышкары дагы бир нече өлкөнүн лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Трамп Кытайдын төрагасы, Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы, Түркиянын президенти менен жолугат. Кездешүүлөрдүн так убактысы айтылган жок, себеби Трамптын саммиттеги иш графиги толук даярдалып бүтө элек.

Өткөн аптада Путин 2014-жылдан бери АКШ жана Евробиримдик киргизген санкциялардан Орусия 50 миллиард доллар чыгым тартканын мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG