Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

Сот Адамкул Жунусовду абакта калтырды


Адамкул Жунусов.
Адамкул Жунусов.

Бишкек шаардык соту Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду абакта калтырды. Бул тууралуу шаардык сот 25-июнда «Азаттыкка» кабарлады.

Буга чейин Октябрь райондук соту Жунусовду соттук териштирүү бүткөнгө чейин абакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. Адвокаттар айыпталуучунун ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп жогорку инстанцияга кайрылышкан.

Мурдараак Жогорку сот Адамкул Жунусовго байланыштуу соттук териштирүү токтотулуп, кылмыш иши соттук-экономикалык экспертизага жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Анын жактоочусу Жунусовдун ден соолугуна байланыштуу ишти токтотуу жөнүндө өтүнүч келтирген.

Жунусов «Мамлекеттик бажы кызматын жетектеп турган кезде аталган мекеменин башка кызматкерлери менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган», «казынага чоң өлчөмдө зыян келтирген» деп айыпталып, былтыр декабрда Бакудан алынып келген. Кыргызстанга келген соң анын ден соолугу начарлап, ооруканага түшкөнү кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG