Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Эл өкүлү: Кумтөр келишими боюнча өкмөттүн келишими чийки


Кумтөр.
Кумтөр.

Өкмөт бейшемби күнү Кумтөр келишими боюнча парламенттин жалпы жыйынында маалымат берет. Мындай чечим Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 25-июндагы жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» комитеттин мүчөсү, эл өкүлү Умбеталы Кыдыралиев билдирди:

- Оппозиция «жыйын ачык болсун» деп жатат. Аларды угуп, ачык кылабыз. Өкмөт тараптын иши кичине чийки болуп жатат.

25-июнда комитет өкмөттүн өтүнүчү менен маалыматты журналисттерди катыштырбай, жабык уккан. Аны жабык кароону премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуш кылган.

Буга чейин өкмөт башчы Абылгазиев мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кол койгон келишим «Кыргызстандын кызыкчылыгын толук коргобой» турганын айткан. Ал келишимди күчөтүш керек экенин, экологиялык, социалдык өнөктөштүк маселеси бар экенин билдирген.

Канаданын «Centerra Gold Inc» компаниясы Кыргызстандагы эң ири Кумтөр алтын кенин иштетет. «Центеррадагы» акциялардын 26,5 пайызына «Кыргызалтын» акционердик коому аркылуу кыргыз өкмөтү ээлик кылат. Мурдараак Кумтөрдө 2026-жылы кен түгөнөрү кабарланган.

2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен «Центерра Голд» компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган.

Ага ылайык «Кумтөр» компаниясы Калыбына келтирүү фондуна жыл сайын 6 млн. доллар бөлүп турат. Келишим боюнча бул каражаттын минималдуу көлөмү 69 млн. долларга жетиши керек жана келечекте акча Англиядагы банктан Кыргызстанга которулууга тийиш. Бирок бул келишимге коомчулукта нааразы пикирлер көп болуп, ага кол койгон мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сунуштар да айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG