Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

АКШнын мамкатчысы Ооганстанга барды


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 25-июнда мурда жарыяланбаган иш сапары менен Ооганстанга барды.

Помпео ооган президенти Ашраф Гани жана башка жогорку даражадагы жетекчилер, НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн башкы командачысы, америкалык генерал Скотт Миллер менен жолугушту. Мамлекеттик катчынын айтымында, «Вашингтон Ооганстанда тынчтык орношуна артыкчылык берет».

- Мен 1-сентябрга чейин тынчтык келишимине жетишебиз деп ишенем, бул биздин негизги миссиябыз экени талашсыз, - деди Помпео.

Вашингтон 18 жылдан бери токтобой жаткан согушка чекит коюу аракетинде талибдер менен июлдан бери сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Помпеонун Кабулдагы сапары «Талибандын» лидерлери менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жетинчи айлампасынын алдында өтүп жатат. Кийинки сүйлөшүүлөр Дохада 29-июнда башталышы керек. Тараптар чет элдик аскерлерди Ооганстандан чыгаруу, андан кийин талибдердин чабуул койбогудай кепилдиктери жана ооган жергесинен башка мамлекеттерге коркунучтун пайда болушунун алдын алуу чараларын талкуулайт деп күтүлүүдө.

Мындан сырткары Помпео Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана башка расмий адамдар менен жолугушуу үчүн Нью-Делиге токтоду. Кабулдун алдында мамкатчы Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттарынын лидерлери менен Иран кризиси тууралуу сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG