Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

БУУ: Баңгизат колдонгондор болжолдонгондон да көп


Ооганстандын Нангархар провинциясында талаадагы апийимди жок кылуу аракети. 10-апрель, 2018-жыл.
Ооганстандын Нангархар провинциясында талаадагы апийимди жок кылуу аракети. 10-апрель, 2018-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсеси 26-июнда баңгизат өндүрүү жана аны колдонгондор боюнча иликтөөсүн жарыялады. Ага ылайык, дүйнө жүзү боюнча баңгизат колдонгондордун саны мурда болжолдонгондон 56 пайызга көп. 2017-жылдагы эсеп боюнча, апийимди жана кокаинди жок дегенде бир жолу колдонгондордун саны 171 млн. жеткен.

Кокаин өндүрүшү 2017-жылы 25 пайызга арбыган. Натыйжада анын көлөмү 1970 тоннадан ашып, рекорддук чекти багындырган.

2018-жылдагы кургакчылыкка байланыштуу Ооганстандын өзүндө апийим өндүрүү 25 пайызга азайып, былтыр анын көлөмү 7790 тоннаны түздү.

БУУнун эксперттеринин маалыматына караганда, дүйнөдө 2017-жылы баңгизатка көз каранды адамдар да көбөйүп, медициналык жардамга муктаждардын саны 30-35 млн. жеткен.

Багизаттын адамдар көбүрөөк колдонгон түрү кара куурай экени айтылса, героин менен апийим баңгизаттын коркунучтуу түрүнө кирген.

XS
SM
MD
LG