Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Мар Байжиевге «Шериктештик жылдызы» сыйлыгы берилди


Сыйлык тапшыруу учуру.
Сыйлык тапшыруу учуру.

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевге КМШ өлкөлөрүнүн «Шериктештик жылдызы» сыйлыгы берилди. Аны жазуучуга маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 25-июнда Бишкекте тапшырды.

Байжиевге бул сыйлык ыйгарылганы быйыл май айында Түркмөнстанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл интеллигенциясынын XIV форумунда жарыяланган.

2018-жылдагы жыйынтык менен «Шериктештик жылдызы» наамына КМШ өлкөлөрүнөн 11 илим жана маданият ишмери ээ болгон.

Быйылкы лауреаттардын катарында Азербайжан эл артисти, Азербайжан мамлекеттик симфония оркестринин көркөм жетекчиси Гажибейли Рауф Абдуллаев, Армениянын эл сүрөтчүсү Роберт Элибекиян, казакстандык акын Eсенгали Раушанов бар.

Кыргыз жазуучусу Мар Байжиевге аталган сыйлык адабият жаатындагы эмгеги үчүн берилди.

«Шериктештик жылдызы» сыйлыгы биринчи жолу Түркмөнстандын эл артисти, опера ырчысы Атагелди Гарягдыевге ыйгарылган.

Мамлекет аралык сыйлык 2009-жылы негизделген. (ZA)

XS
SM
MD
LG