Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

Кабарчылар Атамбаевдин короосунан тосмолорду жана жыйылган таш көрүштү


Видеодон алынган сүрөт. 26-июнь, 2019-жыл.
Видеодон алынган сүрөт. 26-июнь, 2019-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн короосуна кире бериш жакта бир нече бетон тосмо турат. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчылары жеринен маалымдашты.

Ошондой эле эки жерде үстү чөп менен жабылган таш жыйналып турганын көрүүгө болот.

Атамбаевдин үйүндө түзүлгөн «элдик штабдын» өкүлдөрү бул таш курулуш иштерине керектелерин «Азаттыкка» билдиришти.

Ошондой эле бүгүн мурдагы президенттин үйүнүн жанына анын тарапкерлери төрт боз үй тигишти.

Жогорку Кеңеш бир нече иш боюнча Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп эсептегендиктен ушул күндөрү анын кол тийбестигин алууга аракет кылып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG