Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Фарид Ниязов: Текебаевдин камалышына далилдер болгон (видео)

Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов Өмүрбек Текебаевдин соттолушуна далилдер болгон деп эсептейт. Мындай пикирин бүгүн 26-июнда ал Кой-Ташта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди: 

- Бул факт боюнча көп киши сүйлөгөн. Мурдагы депутат Өмүрбек Абдрахманов пара алуу фактысы болгонун айткан. Күбөлөр болгон.

Ниязов - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин санаалашы.

Бул күндөрү парламентте Атамбаевди кол тийбестик макамдан ажыратып, жоопко тартуу аракети көрүлүп жатат.

Анын Кой-Таштагы үйүнө тарапкерлери чогулууда. 

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан ири суммада пара алган деген негизде 2017-жылы сегиз жылга кесилген.

Муну Текебаев Атамбаевге ачык оппозицияда болгону үчүн саясий куугунтук деп атап келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG