Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Грузин прокуратурасы оппозициялык депутатты кол тийбестиктен ажыратууну өтүндү


Мелиянын иши боюнча жыйын.
Мелиянын иши боюнча жыйын.

Грузиянын Башкы прокуратурасы оппозициялык «Бирдиктүү улуттук кыймылдын» депутаты Ник Мелияны кол тийбестиктен ажыратууну өтүндү. Грузин парламентинин эки комитети Башкы прокуратуранын бул өтүнүчүн канааттандырды. Депутат Тбилисидеги нааразылык акциясы маалында адамдарды парламент имаратына чабуул коюуга жана полицияга каршылык көрсөтүүгө үндөгөн деп айыпталууда. Мелия да, анын оппозициядагы кызматташтары да бул айыпты четке кагып жатышат.

Тбилисидеги нааразылыкка орусиялык депутат, коммунист Сергей Гавриловдун өткөн аптадагы сапарында парламент спикеринин ордуна отуруп алганы себеп болгон. Гаврилов Грузияга Православ парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылыш үчүн барган.

Муну Грузияны сыйлабастык катары баалаган демонстранттар Москванын саясатын кескин айыптап, грузин бийлигинен шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылууга өтүшкөн. Нааразылыктын биринчи күнүнөн кийин грузин парламентинин төрагасы Ираклий Кобахидзе кызматтан кеткен.

Бирок митингчилер кеңири талаптары аткарылмайынча, каршылык акциясы улана берерин билдиришүүдө. Алар ички иштер министринин кызматтан кетишин жана 20-июнда демонстранттарга күч колдонгон полиция кызматкерлерин жоопко тартууну да талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG