Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Таэквондо: Азия чемпиондугунун алкагындагы таймаштар бүгүн башталат


Таэквондо ITF боюнча Азия чемпионаты жана Азия кубогунун алкагындагы беттештер бүгүн башталат. 26-июнда Чолпон-Ата шаарындагы Дене тарбия жана саламаттыкты чыңдоо комплексинде ачылыш аземи болду.

Чемпионатка 16 мамлекеттен миңден ашуун спортчу катышып жатканын "Азаттыкка" уюштуруучулар кабарлашкан.

Кыргызстандын таэквондо ITF бирикмесинин башчысы Эдуард Хегай билдиргендей, таймаштарга Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттерден тышкары Бразилия, Аргентина, Британия, Италия жана АКШдан да спортчулар менен калыстар келди.

Калыстарга семинар да уюштурулат. Окуудан өткөндөр дүйнө чемпиондугунда таймаштарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн алат.

Азия чемпионаты жана Азия кубогунун алкагындагы беттештер 30-июнда аяктайт.

XS
SM
MD
LG