Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Өзбекстандын экс-башкы прокурору 10 жылга эркинен ажыратылды


Рашид Кадыров.
Рашид Кадыров.

Мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыров коррупцияга байланыштуу айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Ташкент шаардык соту Кадыровду пара алуу, опузалоо, финансылык мыйзамдарды бузуу, салык төлөөдөн качуу, сот акыйкаттыгына бут тосуу боюнча күнөөлүү деп тапты.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан башка 12 адам да түрдүү мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Кадыров 2018-жылы февралда камакка алынган. Ага «Опузалоо», «Пара алуу» жана «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери менен айып коюлган.

66 жаштагы Рашид Кадыров Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жыл жетектеген. Ал 2015-жылдын апрелинде кызматтан алынган. Кадыров Өзбекстандагы эң бай адамдардын бири деген маалыматтар да бар.

XS
SM
MD
LG