Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:21

«Дордой» командасы АФК Кубогун үчүнчү орун менен жыйынтыктады


Машыгуу учуру.
Машыгуу учуру.

Бишкектин «Дордой» футбол клубу 26-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Тажикстандын «Хужант» клубу менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңишке жетти. Беттеш Азиянын футбол конфедерациясынын (АФК) кубогунун 6-турунда өттү. Оюндагы голдорду «Дордойдун» катарынан Вахыт Оразсахедов (6-мүнөт), Мирлан Мурзаев (44-мүнөт) жана Артур Валикаев (60-мүнөт) киргизишти. Бул «Дордой» командасынын АФК кубогунун тайпалык оюндарындагы акыркы беттеши жана экинчи жеңиши.

Буга чейин башкы машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттери 5 оюнда 1 жеңиш, 1 тең чыгыш жана 3 жеңилүү менен жалпысынан 4 упай топтогон эле. Бүгүнкү оюнда жеңишке жеткенине карабай «Дордой» АФК кубогунун кийинки баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. «D» тайпасынын катарлаш беттеши Дүйшөмбү шаарында өтүп, анда Түркменстандын «Алтын Асыр» командасы Тажикстандын чемпиону «Истиклол» менен 1:1 эсебинде тең ойноп, жыйынтыгында «Алтын Асыр» командасы чейрек финалга жолдомо алды.

АФК кубогунун тайпалык оюндарында «Дордой» «D» тайпасында Түркмөнстандын «Алтын Асыр», Тажикстандын «Истиклол» жана «Хужант» командалары менен ойноп, 6-турдун жыйынтыгы менен тайпада үчүнчү орунду ээледи.

«D» тайпасынын сап башында 6 оюнда 10 упай топтогон «Алтын Асыр» турат. Кийинки катарда 8 упайы бар Тажикстандын «Истиклол» ээлесе, 7 упайы менен «Дордой» үчүнчү орунга жайгашты.

Акыркы сапта жети упай бар «Хужант» командасы турат. АФКнын клуб аралык кубогунда жалпысынан 36 команда 9 тайпага бөлүнүп ойноду. Жыйынтыгында тайпаларда биринчи орунду ээлеген 9 команда жана мыкты оюн корсоткон дагы 3 команда чейрек финалга жолдомо алды.

XS
SM
MD
LG