Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Ош-Тамчы аба каттамы ишин баштайт

Тамчы.
Тамчы.

Жайкы туристтик сезонго карата Ош аба майданынан Ысык-Көлдүн Тамчы эл аралык аэропортуна каттамдар кайрадан жанданат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди.

Анын айтымында, Ош-Тамчы аба каттамы 28-июндан тартып ишин баштайт.

Каттамды «TezJet» авиакомпаниясы жумасына төрт жолу: дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү жүргүзөт. Азырынча учак билетинин баасы тууралуу так маалымат жок. Ош-Тамчы аба каттамы 2015-жылы июль айында башталган. Ошондон бери жыл сайын жайкы туристтик сезон учурунда, июнь-сентябрь айларында иштейт. (MdN)

XS
SM
MD
LG