Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Бишкекте ЖККУнун коопсуздук кеңеш катчылары жыйын курууда


ЖККУнун коопсуздук кеңештеринин катчылары. 27-июнь, 2019-жыл.
ЖККУнун коопсуздук кеңештеринин катчылары. 27-июнь, 2019-жыл.

Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) курамындагы мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйыны өтүүдө.

Күн тартибинде жамааттык коопсуздуктун абалы жана негизги коркунучтар, эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы кошумча чаралар боюнча маселелер бар.

Мындан тышкары тажик-ооган чек арасындагы абал жана Бириккен Улуттар Уюмунун терроризмге каршы глобалдык стратегиясын ишке ашыруунун жолдору да талкууланууда.

ЖККУнун курамына Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. (TSh)

XS
SM
MD
LG