Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 19:30

Шайназаров: президент менен депутаттардын ишине Кудай жана эл баа берет


Тынчтыкбек Шайназаров.

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров президенттин, депутаттардын дарегине айтылып жаткан мазактоо иретиндеги пикирлерге Башкы прокуратура кандай реакция кыларына кызыкты. Мындай пикирин ал 27-июнда Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу маселеси талкууланып жаткан жыйында айтты:

- Акыркы кездери экс-президент тарабынан, кээ бир саясатчылар тарабынан Кыргыз Республикасынын президенти менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын дарегине мазактоо иретиндеги сөздөр көп айтылып жатат. Президент менен Жогорку Кеңешти эл шайлайт. Бир гана Кудай жана эл баа бере алат. Ушул багытта кандай иш-аракеттерди алып барасыңар? Юридикалык баа берилеби?

Башкы прокурор президенттин кадыр-баркына шек келтирилген учурда мамлекет башчы арыз менен кайрылышы керек экенин, депутаттар жеке тартипте сотко кайрылышы зарыл болорун айтты.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти «чимкирик парламент» деп атаганы коомчулукта шакабага айланып кеткен.

XS
SM
MD
LG