Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

АКШ-2020: Демпартия президенттикке талапкер тандай баштады


Демократиялык партиядан 24 талапкер чыкты.
Демократиялык партиядан 24 талапкер чыкты.

26-июнда Америка Кошмо Штаттарында Демократиялык партиянын президенттикке талапкерлеринин алачкы телетаймашы өттү. Ага 24 талапкердин 10у катышты. 27-июнда телетаймаштын экинчи айлампасы болот жана ага таймаша элек талапкерлердин көбү катышмакчы.

Биринчи айлампада негизинен жумушсуздук, саламаттык сактоо, миграция өңдүү АКШнын ички түйшүктөрү тууралуу талкуу болду.

Ушул тушта Демократиялык партиянын талаперлеринин арасында вице-президент Жо Байден менен 2016-жылы президенттик шайлоодо ат салышып, Хилари Клинтонго утулуп калган сенатор Берни Сандерстин рейтинги жогору болуп жатат. Ошондой эле, сурамжылоолорго ылайык, дагы башка сенаторлор Элизабет Уоррен менен Камала Харристин да алдыга суурулуп чыкканга мүмкүнчүлүгү бар.

АКШнын президенти Дональд Трамп президенттик шайлоого кайра катышуу үчүн 18-июнда үгүт өнөктүгүн расмий баштаган. Ал Республикалык партиянын негизги талапкери.

XS
SM
MD
LG