АКШ элчилигинин колдоосу менен Бишкекте англис тил мугалимдеринин республикалык конференциясы өтүп жатат.
Элчиликтин маалыматына караганда, аймактардан келген 150 мугалим окутуунун жаңы ыкмалары менен таанышып, келечекте кызматташууну кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
«Интеграциялык билим берүү үчүн алдыңкы демилгелер» конференциясын Жаш мугалимдердин бирикмеси уюштурду.
Ага жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттер катышууда. (RK)