Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Путин Евкуровдун кызматтан кетүү жөнүндө арызын канааттандырды


Юнус-Бек Евкуров Ингушетияны 2008-жылдан бери башкарып келе жаткан.
Юнус-Бек Евкуров Ингушетияны 2008-жылдан бери башкарып келе жаткан.

Орусиянын президенти Валидимир Путин Ингушетиянын башчысы Юнус-Бек Евкуровдун кызматынан өз эрки менен баш тартканы тууралуу арызын кабыл алды. Анын ордуна анын милдетин аткаруучу катары Ингушетиянын мурдагы прокурору Махмуд-Али Калиматов дайындалды.

Кремлде 26-инюнда Путин алгач Евкуров менен жолукту, андан кийин Калиматовду кабыл алды.

Юнус-Бек Евкуров өз эрки менен кызматтан баш тартарын 25-июнда күтүүсүз жарыялаган. Ал өлкөнүн улуттук телеканалынан атайын билдирүү жасап, кызматтан кетип жаткан себебин «ингуш коомчулугунун ыдырап, жиктелип калганы» менен негиздеген.

Былтыр сентябрь айында Евкуров Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен эки өлкөнүн ортосундагы чек араны бекитүү боюнча макулдашууга кол коюшкан. Анда Чеченстанга Ингушетиянын көп жери алда качан өтүп кеткени айтылган жана бул ингуш коомчулугунда чоң нааразылык жараткан. Мунун айынан митингдер болгон, полиция менен тургундар кагылышып, ондогон адам кармалып, кылмыш иштери козголгон.

Евкуров Ингушетияны 2008-жылдан бери башкарып жаткан.

XS
SM
MD
LG