Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

«Астана Опера» Назарбаевди даңктаган чыгарма даярдалып жатканын четке какты


«Астана Опера» театры.
«Астана Опера» театры.

Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында жайгашкан «Астана Опера» театры өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевди көкөлөтүп-даңазалаган опера даярдалып жатканы тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарды. Театрдын басма сөз кызматы 6-июлда борбор шаар менен Назарбаевдин туулган күнүндө Алматыдан келген чыгармачыл жамааттын «Күлчү» («Золушка») операсы коюларын билдирди.

Мунун алдында айрым маалымат каражаттары жергиликтүү журналист Асем Жапишевага шилтеме кылып «Астана Опера» Назарбаевге арнап «Күн тийген жол» деп аталган чыгарма даярдап жатканын, ал 6-июлда көрсөтүлөрүн жазып чыгышкан.

Журналист «Фейсбуктагы» баракчасына жазган билдирүүсүндө театрдын жетекчилери бул операга катышкысы келбеген артисттерди «иштен кетирерин айтып коркутканын» билдирген.

Театрдын басма сөз кызматы журналисттин айткандарын жокко чыгарганы менен Рахат-Би Абдысагин аттуу жаш композитор «Күн тийген жол» деген операны сунуш кылганын, чыгармачыл жамаат аны ушул тушта талкуулап жатканын ырастады.

Казакстанда бир катар жарандык активисттер Арыстагы соңку окуялардан улам Нур-Султан шаарынын, мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүн көп каражат жумшап, шаан-шөкөт менен өткөрүүгө каршы чыгып жатышат.

XS
SM
MD
LG