Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик мамилелерин талкуулады.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлагандай, президенттер эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, ортодогу чек араны делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүү тууралуу макулдашууга жетишишти.
Жээнбеков Рахмонду жана жалпы Тажикстандын элин 27-июнь Улуттук биримдик күнү менен куттуктап, тынчтык, бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450 чакырымы тактала элек. (RK)