Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:55

Кремлдин өкүлү Атамбаевдин айтканына жооп бергени кабарланды


Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Алмазбек Атамбаевден экс-президент макамын алуу маселесине байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков пикирин билдирип, Москва башка мамлекеттин ички ишине кийлигишпей тургандыгын айтты. Анын сөздөрүн ТАСС агенттиги жарыялады.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевден экс-президент макамын алууну колдоду. Депутаттарга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, Атамбаев мамлекетти башкарып турганда ыйгарым укуктарынан аша чапкан бир катар фактылар болгонун белгиледи. Арасында «кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна аралашкан» деген да маалымат бар.

Атамбаев муну азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин көө жабуу аракети катары сыпаттап, Батукаевдин маселесинде Орусиянын президенти Владимир Путин да сөз айтарына ишеним артарын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG