Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:20

Атамбаев кол тийбестиктен ажырады


Алмазбек Атамбаев тарапташтарынын курчоосунда. 27-июнь, 2019-жыл. Кой-Таш
Алмазбек Атамбаев тарапташтарынын курчоосунда. 27-июнь, 2019-жыл. Кой-Таш

Алмазбек Атамбаев кол тийбестигинин алынышын "демократияга балта чабуу" катары баалады.

27-июнда Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратууну депутаттардын 103ү колдоп, алтоо каршы добуш берди.

Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун жактырды.

Депутаттардын алдында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, экс-президент ыйгарым укуктарынан аша чапканы жөнүндө маалыматтарды берди.

Буга чейин Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан.

Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин жыйыны Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) эфиринен түз көрсөтүлдү.

Депутаттардын маанайы

Жыйында КСДП фракциясынын депутаттары Мурадил Мадеминов жана Ирина Карамушкина башкы прокурордун Атамбаев боюнча айткандарын калыс эмес деп баалашты.

КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова баш прокурордун экс-президенттин дарегине айткан айыптоолордон күмөн санап жатканын билдирди.

Ал жалпы жыйында депутат баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып: «Убагы келип бийлик алмашканда азыркы айыптоолоруңузду далилдей аласызбы?» - деген суроо узатты.

Жамшитов иликтөөнүн баарын мыйзам чегинде жасап жатканын айтты.

Башкы прокурор экс-президент Алмазбек Атамбаевге эч кандай кылмыш иши козголо элек экенин, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын айтты.

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

«Биз депутаттык комиссия койгон айыптарда кылмыштын белгилери байкалат деген гана корутунду бердик. Эгер Атамбаевдин макамы алына турган болсо, биз аны тийиштүү көрсөтмө берүү үчүн чакырышыбыз керек. Күбөлөр менен көздөштүргөндө Атамбаевге шек жарала турган болсо, ошондо ага шектүү катары билдирүү берилип, кылмыш иши козголду деп эсептелет», - деди ал.

Башкы прокурор ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин банктык эсептери камакка алынбаганын кошумчалады:

«Бул туура эмес. Эч кимдин эсептерине камак салынган жок».

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишинде күч органдары кынтыксыз иштеши керек экенин айтты:

«Бардык күч органдарын абдан кылдат иштөөгө, шашпоого жана кымындай да шек жаратууга негиз бербей иштөөгө чакырам. Анткени азыр шашып кетсек кийин бир топ суроолор жаралышы мүмкүн. Бул иште эч кандай саясий боёк, саясий атаандаштарга каршы иш болбош керек. Бир гана мыйзамдын, калыстыктын алкагында иш жүрүш керек. Ошол эле убакта экс-президент да ар кандай чагымчылдыктан алыс болуп, экс-президент деген макамга ылайык туруктуулукту башкы орунга коюш керек деп ойлойм».

Атамбаевдин ишин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев жыйында Атамбаевге коюлган айыптар тууралуу буларга токтолду.

«Экс-президенттин үч маселеси бар. Биринчи - өзү түзгөн партиясы менен. Экинчи - өзү баштап, жетекчи болуп анан өзү кол койгон үч кодекс менен. Өзү кол койгон кодекстер өзүнүн кыймыл-аракетине туура келип атат. Үчүнчү - акыркы жети жылда сотторду дайындоону, сотторду иштен бошотууну, сотторду тандоону, атургай сотторго сөгүш берүүн өзү чечкен. Сот реформасы бүтүп жатканда «дүйнөдө жок сот реформасын жасадык» деп 30дай кишиге орден, медаль, наам жана грамоталарды берген. Ал бүгүн кыргыз элине, парламентке, Башкы прокуратурага өкмөткө доо айта албайт. Атамбаев Конституцияда жети нерсеге ант берсе анын алтоо бузулган. Кыргыз элинде антты бузгандарды эмне дейт? Кодекстин каргышы 10 жылдык болсо, анттын каргышы 100 жылдык. Биринчи ант бузулду, экинчи нарк бузулду».

​Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы бийлик менен тирешүү аракетин сындады.

«Тарых баарын өз ордуна коюп жатат. Баарыбыз койгон колубуз жана башка чечимдерибиз үчүн жооп беребиз. Экс-президенттин статусунун алынышын колдойм. Ушул институт жоюлса, кийинки президенттерге да сабак болмок», - деди Аида Касымалиева.

Депутат Элвира Сурабалдиева да бийликти учурдагы окуядан сабак алууга чакырды.

«Бул окуя келечекте президент болчуларга, премьер-министрлерге, депутат, министрлерге сабак болуп жатат. Кийин ар бир коротулган каражатка баары жооп берет. Сооронбай Шарипович муну түшүнүп, эске алып жатат болуш керек деп ишенгим келет. Кийин Бишкек жылуулук электр борборун оңдоодогу коррупциялык иштердей нерселер чыгып, Алмазбек Атамбаев Арашан айылына жашынгандай, азыркы президент да Кара-Кулжага жашынбашы керек. Атамбаев таза болсо Арашанга барып жашынбай, жети жыл бою реформа кылган соттор аркылуу акталып чыгам деп ишениш керек».​

Түштөн кийин Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу маселесине байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков пикирин билдирип, Москва башка мамлекеттин ички ишине кийлигишпей тургандыгын айтты. Анын сөздөрүн ТАСС агенттиги жарыялады.​

Бир күн мурда Алмазбек Атамбаев кайрылуу таратып, кримтөбөл Батукаевге байланыштуу айыпты азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин көө жабуу аракети катары сыпаттаган. Ал бул маселеде Орусиянын президенти Владимир Путин да сөз айтарына ишеним артарын билдирген болчу.

Атамбаевдин жообу

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол тийбестигинин алынышына байланыштуу тарапташтары митинг уюштурса чогуу чыга турганын билдирди. Ал бул тууралуу учурда Кой-Таштагы үйүндө чогулган тарапташтары менен жолугушууга чыккан учурда айтты.

“Азаттыктын” суроосуна жооп берген Атамбаев, банк эсебиндеги 33 миң доллардын 30 миңин эки күн мурда алганын, андан башка банк кутусу жок экенин айтты.

"Менин 33 миң долларым бар болчу. Эки күн мурда камакка алганга чейин анын 30 миңин алып койдум. Келинчегимдин акчасын камакка алып коюптур. Менин аялымдын Бакиев тушунда да банктагы эсебинде 1 миллион доллар акчасы бар болчу".

​Атамбаев "президент болуп турганда Кыргызстанды жакшы жолго салганын, азыр демократияга балта чабылганын” айтты.

"Мен бүгүн парламентти көргөн жокмун. Бирок ал коркуп жатканын билип турам. Азыр Конституция боюнча алардын ыйгарым укуктары президенттикинен да жогору, бирок андай болбой жатат. Мен болгону АКСти (Коррупцияга каршы күрөшүү кызмат) УКМКдан бөлүүгө жетишпей калдым".

Атамбаев мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев менен соңку учурда байланышпаганын айтты.

Кылмыш иши козголуп калса тергөөгө барбай турганын “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Менин адвокатым бар. Эгер прокуратуранын кандайдыр бир суроосу болсо, кат түрүндө берсе, жооп беребиз. Бул бийлик турганда эч кандай укуктук чечим кабыл алынбайт. Мага коюлган күнөөнүн баары калп. Тергөө кандай жүрүп жатканын көрүп жатабыз да. Мусакеев менен Матраимовду салыштырып көргүлө, кандай айырма бар экенин!”.

Атамбаев бир жыл мурда укуктук жолдон тайганын билдирип, азыркы бийлик “өзүнүн адамдарын гана коргоп, жакпагандарды камап жатат”, - деп айтты. Өлкөдөн кетпей турганын кошумчалады.

“Жээнбековдун бийлигин мурда эле тааныбайм деп айткам. Себеби анын легитимдүүлүгүндө чоң маселе бар. Адам деген адашат. Менин тегерегимдеги эң жакын досторум Сооронбай Жээнбеков, Иса Өмүркулов болчу. Бирок мен адамдын ичин көрө албайт экем да”, - деди.

Ага чейин Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таштагы үйүндө басма сөз жыйынын өткөргөн.

Ага Алмазбек Атамбаев катышкан жок. Анда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Анвар Артыков, Карамат Орозова, Мурадил Мадеминов, Атамбаевдин тушунда президенттик аппаратты башкарган Фарид Ниязов жана адвокаттар журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстанда элдин бийликке ишеними пайда болгонун билдирди:

"Атамбаевдин эмгегин баалайлы. Ал алты жылда болуп көрбөгөндөй туруктуулукту камсыз кылды. Алгачкы жолу элдин бийликке ишеними пайда болгон".

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү пресс-конференция. 27.06.2019
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү пресс-конференция. 27.06.2019

Андан тышкары чогулгандар бийликке сегиз талап койду. Анда буга чейин түзүлгөн элдик штаб Кыргызстандын өнүгүшү үчүн маселелерди президент Сооронбай Жээнбеков жана азыркы Жогорку Кеңеш чечерине ишенбей турганы айтылган. Алар мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдон парламентке, күч түзүмдөрүнө, сотторго түздөн-түз буйрук берүүсүн токтотууну, “көмүскө башкаруучулардын” саясатка кийлигишүүсүнө жол бербөөгө, “саясий туткундарды” бошотууну талап кылышты. Мындан сырткары эл өкүлдөрүн жогорку трибунаны курал катары колдонбоо талабы айтылды.

Чогулгандар бул талаптар аткарылбаса, бийликти алмаштыруу маселесин көтөрө турганын белгилешти.

Атамбаевдин санаалашы, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов депутаттар мыйзамсыз кадамга барганын билдирди.

«Түндүк-түштүк суроосун Жээнбековго коюш керек. Ал президент жана ал элдин биримдиги үчүн жооптуу. Бул анын түздөн-түз милдети. Азыркы ызы-чууну Атамбаев эмес, Жээнбеков өз парламенти менен баштады. Мыйзамсыздыкты депутаттар жасап жатышат. Алар элди эмне үчүн бөлүп жатышат?».

Фарид Ниязов мыйзамсыздыкка каршы туруп жатышканын билдирди. Атамбаевдин үйүнүн тегерегине төгүлгөн таш жөн гана курулуш үчүн алынып келингенин айтты.

«Бул эч кандай коргонууга колдонулбайт. Атчандардын келишин элден сурагыла», - деди Фарид Ниязов.

​Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин айрымдары парламенттин экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча чечимин бийликке жагынуу аракети катары баалашты. Мындай пикирин өзүн Кубанычбек Эсенов деп тааныштырган адам билдирди.

Ал 2010-жылы ошол кездеги бийликке каршы митингге катышканын, Жогорку Кеңештин бүгүнкү чечими адилетсиз болгонун айтты.

«Силер Атамбаевге каршы добуш берүүнү ачык кылып, «мына, мен добуш бердим» деп көрүнгөнгө аракет кылып жатасыңар», - деди ал.

Атамбаевдин тарапкерлеринин пикири

Ал эми Фархат Баабиев аттуу адам парламент чечимин «саясий буйрук» деп атады:

"Кол тийбестик макамын алуу жөнүндө чечим мыйзамсыз. Бул саясаттагы буйрук. Ушундай болот деп эле сезгенбиз. Булардын азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан иштерине каршы чыкчу жалгыз адам - Алмаз Шаршеновичти жок кылуу программасы 100% ишке ашты. Бирок, карапайым калк, буларга жол бербейли".

Учурда Кой-Ташта чогулгандардын саны 200дөн ашык. Алар Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө "элдик штаб" деген баннер илишти. Чогулгандарга манасчы Дөөлөт Сыдыков келип кетти.

​Кой-Таштагы тигилген төрт боз үй бүгүн да турат. «Азаттыктын» кабарчылары жеринен маалымдагандай, короодо он чакты керебет турат, аларга түндө күзөтчүлөр уктаганын ошол жердегилер айтып беришти.

Кой-Таш. 27-июнь, 2019-жыл.
Кой-Таш. 27-июнь, 2019-жыл.

Атамбаевдин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таштагы үйүнө чогулуп, «элдик штаб» жана басма сөз борбору түзүлгөнүн айтышкан.

​Атамбаевге «кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна, Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан, баш калаага көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон, мыйзамсыз жер алган» деген айыптар коюлууда. Жогоруда аталган иштердин баары Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосу боюнча билдирүү таратып, парламенттин аракетинин артында азыркы президент турганын жана бийлик өзүн жалган айып менен соттогусу келип жатканын айтты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG