Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Атамбаевдин иши: прокуратуранын корутундусу


Экс-президент Алмазбек Атамбаев.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапты. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жашитов 25-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында жарыялады.

Эми башкы көзөмөл органынын корутундусу парламенттин жалпы жыйынында талкууланып, Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселеси каралат. Ал арада Асел Кодуранова жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Атамбаевдин үйү турган Кой-Таш айылында «Кыргызстанда болуп жаткан мыйзамсыздыкка каршы элдик штаб» түзүлгөнүн кабарлады.

Алмазбек Атамбаевге коюлган дооматтар боюнча прокуратуранын корутундусун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетине башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов тааныштырды.

Ага ылайык, прокуратура Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия экс-президентке койгон алты дооматтын бешөөндө кылмыштын белгилери бар деген бүтүм чыгарган. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов коюлган айыптарды тизмектеп берди:

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

«Азиз Батукаев оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы үчүн 2016-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган. Бирок экс-президент Атамбаев Батукаев уюшкан кылмыштуу топтун жетекчиси, «мыйзамдагы ууру» деген каймана атка ээ экенине, коомчулукка жана мамлекетке өзгөчө коркунуч жаратарына карабастан аны камактан мыйзамсыз бошотууну чечкен. Жана бул багыттагы иш-чараларды уюштуруу жагы УКМКнын төрагасы Атахановго тапшырылган. Кылмыштуу иш-чараны аткарыш үчүн Атаханов Кыргыз Республикасынын укук коргоо, сот жана мамлекеттик органдарынын жогорку кызмат адамдары менен алдын-ала сүйлөшүп алып, Батукаевди бошотуу менен республиканын аймагынан чыгаруу жана бул багытта тийиштүү чараларды көрүү боюнча талаптарды коюп, бошотуу иш-чаралары жеке Атамбаев менен макулдашылганын билдирген».

Прокуратура Атамбаевге коюлган беш айыпты негиздүү деп тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00

Башкы прокуратура Батукаевдин ишинен тышкары Атамбаевге коюлган дагы төрт айыпта кылмыштын белгилери бар деп эсептейт.

Алар - «Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүнүн жерин мыйзамсыз алган. Кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштырган компанияларга Атамбаевдин тиешеси бар. Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча келишимге жана оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан. Бишкекке көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон» деген айыптар. Жогоруда аталган иштердин баары Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу жана ага күнөө коюу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасынын орун басары, депутат Талант Мамытов Атамбаевдин иши боюнча өз пикирин айтты:

«Конституция боюнча мыйзам алдында баары бирдей. Кылмыш кылып, бирок кол тийбестиктин же кандайдыр бир макамдын аркасына жашынуу туура эмес. Эми тергөө органдары бардыгын иликтеп чыгышы керек. Анткени бул жерде өтө оор кылмыштар жана мамлекетке келтирилген миллиарддаган акчалай зыян тууралуу сөз болуп атат».

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Атамбаевдин иши боюнча Башкы прокуратуранын корутундусун парламенттин жалпы жыйынына алып чыгуу жөнүндө чечим кабыл алды. Аны Жогорку Кеңештин үчтөн экиси, 80 депутат колдосо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден макам алынат.

Ал ортодо Асел Кодуранова жетектеген КСДП Атамбаевдин үйү турган Кой-Таш айылында «Кыргызстанда болуп жаткан мыйзамсыздыкка каршы элдик штаб» түзүлгөнүн кабарлады. Ошондой эле журналисттер үчүн маалымат борбору да ачылган. Партиянын юристи Нурбек Касымбеков прокуратуранын корутундусун «буйрук» деп атап, анын калыстыгынан шек санады:

Нурбек Касымбеков.
Нурбек Касымбеков.

«Эмне себептен негиздүү деп тапканы айтылган жок. Жөн гана «бул туура, бул туура эмес» деп коюптур. Бул жагдайда Башкы прокуратура өзү корутунду бериши керек эле. Эмне себептен, эмне далил бар экенин билдириши керек болчу. Ал жок болуп атпайбы. Башкы прокуратура аны жума күнү кабыл алып, дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңешке жибериптир. Ишемби, жекшембиде кантип карап, кантип иштеп калышты? Буга чейин «Башкы прокуратура корутундуну бир айга жакын изилдейт» дешкен. Кана, бир ай? Дем алыш күндөрү изилдеп жибериштиби?».

Прокуратура Атамбаевге коюлган алты дооматтын бирин, башкача айтканда «мурдагы президент өз кызыкчылыгы үчүн бардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш топ түзүп, ага каршы сүйлөгөн саясатчыларды, депутаттарды куугунтуктаган жанан журналисттерге миллиондогон доо койгон» деген кинени негизсиз деп тапкан. Прокуратура бул чечимин ал иштер боюнча убагында сот чечими чыкканы менен байланыштырды.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен соттолуп чыккан бир топ саясатчылар алар Атамбаевдин тапшырмасы менен камалып чыгышканын айтып, ага чукул арада иш козгоону талап кылышкан.

Алардын бири Бектур Асанов башкы көзөмөл органынын бул бүтүмү тууралуу оюн ортого салды:

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, тергөө иштери башталса бул айыптоо боюнча да тергөө болот деп ишенем. Эгерде Атамбаев бул айыптоосу жок эле соттоло турган болсо, анда «бул иш бир жактуу болуп атат» деп айтып жаткан Атамбаев менен анын тарапташтарынын сөзү туура чыгат. Бизди камаган сот, прокуратура, тергөө органдары азыркы бийликтин каршылаштарын камап жатканы ачыкка чыгып калат».

Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Парламенттин токтомун 100 депутат колдогон.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосу боюнча билдирүү таратып, парламенттин аракетинин артында азыркы президент турганын жана бийлик өзүн жалган айып менен соттогусу келип жатканын айткан.

Акеров: Атамбаев жакын арада камалышы мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG