Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Кой-Ташта Атамбаевдин штабы түзүлдү


Алмазбек Атамбаев тарапкерлеринин жанында.
Алмазбек Атамбаев тарапкерлеринин жанында.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы талапкерлери менен жолугуп, кайрылуу таратты.

Чүйдүн Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин штабы түзүлгөнү, ошол жерде журналисттер үчүн басма сөз борбору уюштурулганы бир күн мурда кабарланган.

«Азаттык» радиосунун кабарчылары жеринен маалымдагандай, тыштагы жолдун боюндагы суунун жээгине төрт боз үй тигилди.

Экс-президент тарапташтары менен жолугуп, Амантур Жамгырчиев аттуу жигитти туулган күнү менен куттуктап саат белек кылды. Саат түшкү экиге чукул кайрылуу таратты.

«Эл чындыкты укпасын деп Сооронбай Жээнбеков менин үнүмдү басыш үчүн бүт аракетин жасап жатат. Бул максатка жетүү үчүн мамлекеттик органдардын бүткүл ресурсу иштеп жатат. Буга мурдагы ыплас коррупциялык иштери менен белгилүү болгон эң эле ыплас саясатчылар тартылган, кадыресе адептин чегинен чыккан маалыматтык технологиялар пайдаланылууда. Мен мурда бул оюнга катышпай турганымды билдиргем. Жоопкерчиликтен корккон жерим жок. Бирок тарыхтын алдында Жээнбековдор кылып жаткан мыйзамсыздыкты легалдаштырууга акым жок», - деп жазылган Атамбаевдин кайрылуусунда.

Экс-президент Артыкбаев менен Атахановдун көрсөтмөлөрү кысым астында алынган деп, убагы келгенде Батукаев чындыкты жигитчесинен айтып берет деп ойлорун белгилеген.

«Аны бошотуу боюнча афераны кимдер ойлоп тапканы, ага рак менен оорулуу, жакында өлөт деген документтерди ким даярдаганы, жана бул жардамы үчүн кимдер канча акча алганы жөнүндө ачык айтса болмок. Мен ошондой эле бул маселе боюнча Орусиянын президенти, урматтуу В.В. Путин да өз сөзүн айтаарына ишенем, анткени мен андан Батукаевди кайрадан Кыргызстанга кайтаруу жөнүндө оозеки да, кат түрүндө да далай жолу сурангам».

Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууну караган депутаттык комиссия буга чейин Пархати аттуу адам «Форумду» Атамбаевден 54 млн. сомго сатып алганын тактаганын билдирген.

Атамбаевдин тарапкерлери Кой-Ташка чогулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:37 0:00

Коомдук ишмер Эдил Байсалов өткөн жылкы иликтөөсүндө Субихи Пархати уйгур улутундагы карабалталык жигит экенин ырастаган.

Бирок Алмазбек Атамбаев кайрылуусунда Субихи Пархати аттуу адам менен байланышы тууралуу кепти четке кагууда.

«Бул 2017-жылдын жайында Сооронбай Жээнбеков мага тааныштырган АКАинвесттин башчысы Хабибулла Абдыкадырдын сунушу менен менин мурдагы компанияларымдын бирин сатып алган адам. Жээнбеков мага Хабибулланы Кытайдан келген таанымал ишкер деп тааныштырган. Ошондуктан «АКА инвесттин» ээлери жөнүндө, бул компаниянын Кыргызстандын аймагындагы ишкер-долбоорлорго катышуусу, алган лицензиялары жана алардын Матраимовдор менен болгон байланаштары жөнүндө Сооронбай Жээнбековдон сураш керек», - деген кайрылуусунда.

Азырынча президент Сооронбай Жээнбековдун администрациясы Атамбаевдин штабынын билдирүүсүнө жооп кайтарып же комментарий бере элек.

Ал арада мурдагы президенттин «элдик штаб» түзгөнү айрым саясатчылардын сынына кабылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев мурдагы президенттин бул кадамын коркоктук катары баалады.

«Эгерде Атамбаев чын эле күнөөсүз болсо партиянын төрагалыгынан кетмек эмес. «Мен коркпойм, мени кол тийбестигимден ажырата бергиле, актыгымды далилдеп берем» демек. Ал коркуп, дароо эле партиянын төрагалыгын өткөрүп берип, кол тийбестик макамга ээ болуп турайын деген аракет болду. Эми болсо мыйзамсыз кадамдарга барып, элди топтоп, элдин артына жашынып жатат», - деди Исаев.

Алмазбек Атамбаев экс-президенттер тууралуу жаңы мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу 25-майда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан жана курамынан кеткен. Экс-президент мындан тышкары партиянын саясий кеңешин жетектөөдөн да баш тарткан.

«КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документке президент Сооронбай Жээнбеков 15-майда кол койгон. Аталган мыйзамга ылайык, мурдагы мамлекет жетекчилерине саясий иштер менен алектенүүгө, саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынган.

Атамбаевдин «Апрель» телеканалы шаршембиде «Саясий туткундарды колдоо» телемарафонун уюштурду.

Жогорку Кеңеште Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутунду чыгарган. Депутаттык комиссиянын корутундусу 20-июнда парламентте жактырылып, Башкы прокуратурага жиберилген. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан.

Ошентип, саясий айдыңда экс-президенттин кол тийбестигине байланышкан маселе коомчулуктун назарында кызуу талкууланып турат. Атамбаев экс-президенттин кол тийбестиги боюнча маселе көтөрүлгөнү бардык ресурсун колдонуп, бийликти сындаганын күчөттү.

Айрым серепчилер Атамбаевдин акыркы кайрылуусуна көңүл буруп, Батукаев маселесинде Орусиянын президенти Владимир Путинди аралаштырып жатканын ар кандай талдашууда.

Саясат талдоочу Турат Акимов кримтөбөлдүн бошотулушуна Орусиянын бийлик өкүлдөрүнүн байланышы болушу мүмкүн экенин божомолдойт. Бирок, анын баамында, азыр Атамбаев менен Жээнбековдун тирешине Орусия ачык аралашпайт.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

«Азыр реакцияны Москвадан күтүш керек. Алардын басма сөз кызматы, тышкы иштер министри бар. Путин үн катпаса да Песков айтса керек. Албетте, алар ачыкка чыгарбайт. Бул жактагы Путиндин адамы же тышкы иштер министри «өз өлкөңөрдү башкаргыла. Түшүнүксүз билдирүү тараткан уят» десе керек».

Ал эми «легендарлуу парламенттин» мүчөсү Жамин Акималиев өлкөдө саясий күчтөрдүн тиреши болуп турганын мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейт. Бирок Акималиевдин баамында экс-президент менен азыркы бийлик саясий эрежелерден тышкары ар кандай кооптуу жагдайларды эске албай жатышат. Ал тараптарды сабырдуулукка чакырды:

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

«Элди курал катары пайдаланып, «өзүмдү сактап калам» деген экс-президенттин позициясы жакпай турат. Ал эми бийлик тез арада эмес, мыйзам чегинде жоопко тартууну ойлонушу керек. Бийлик бул маселени таразага салып, ойлонуп чечим чыгарышы керек. Эки адамдын жеке таарынычынын таасири менен коомдук-саясий абал курчуп кетсе ким жооп берет? Мен аларды сабырдуулукка чакырам».

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таштагы үйүндө 22-июнда да чогулган. Анда экс-президент Чүй облусунун тургундары аны «коргойбуз» деп келип жатканын, керек болсо өзү курал менен коргонорун билдирген. 25-июнда Чүйдүн Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин штабы түзүлгөн жана ошол жерде журналисттер үчүн басма сөз борбору уюштурулган болчу.

Экс-президенттин Кой-Таштагы үйүнүн короосуна кире бериш жакта бир нече бетон тосмо турат. Ошондой эле эки жерде шагыл аралаш таш төгүлүп, үстү чөп менен жабылып турганын көрүүгө болот. Атамбаевдин үйүндө түзүлгөн «элдик штабдын» өкүлдөрү бул таш курулуш иштерине керектелерин «Азаттыкка» билдиришти. Ошондой эле бүгүн мурдагы президенттин үйүнүн жанына анын тарапкерлери төрт боз үй тигишти.

Жогорку Кеңеш бир нече иш боюнча Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп эсептегендиктен ушул күндөрү анын кол тийбестигин алууга аракет кылып жатат.

Акеров: Атамбаев жакын арада камалышы мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00
Түз линк

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) фракциясынын үч депутаты жана партиянын юристи депутаттык комиссиянын ишмердигине нааразы болуп Конституциялык палатага кайрылды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG