Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө журналисттерге каршылык көрсөтүлдү


Кой-Ташта чогулгандар.
Кой-Ташта чогулгандар.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы тарапташтары журналисттерге тоскоолдук кылып, кууп чыкканга аракет кылышты.

27-июнда «Next TV» канылынын журналисти Жоодар Бузумовду сыртка сүйрөп бараткан учур тартылган видео Интернетке тарады. Андан тышкары, «Govori TV» порталынын жетекчилиги да каналдын операторунан тарткан видеолорун көрсөтүүнү талап кылышканын кабарлашты.

Журналисттин каршылыкка кабылганы тартылган видеодо ал «Press» деген жазуусу бар кемселчен жүрөт. Бузумов жөн гана кабарчылык милдетин аткарып жатканын, өзүнө карата мындай мамиле күтүүсүз болгонун айтты.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева бул жерде түшүнбөстүк болуп кеткенин билдирди:

- Ал телефонуна видео тартып жүргөн экен. Элдик штабдын жигиттери аны чагым жаратуу максатын көздөгөн адам же укук коргоо органдарынын өкүлү деп ойлошуптур. Барып сурашса, «ишиңер эмне» дегендей жооп болуптур. Натыйжада, ушундай түшүнбөстүк болуп кетиптир. Кечирим сурадык.

Алмазбек Атамбаевдин «экс-президент» макамы алууга каршы тарапташтары анын Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнө Элдик штаб ачып, чогулуп турушат.

Жогорку Кеңеш Атамбаевден экс-президент макамын алууну колдоду.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG