Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Трамп «Чоң жыйырманын» саммитине катышуу үчүн Жапонияга келди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп бул саммиттин алкагында эки тараптуу жолугушуудан кеминде сегизди өткөргөнү жатат. Анда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң, Орусиянын президенти Владимир Путин, түрк мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган, Сауб Арабиясынын ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана Германиянын канцлери Ангела Меркел менен кездешүү пландалган.

Трамп Жапонияга аттанарда журналисттерге орус президенти Владимир Путин менен «жакшы пикир алышуу болот» деп үмүттөнүп жатканын айтты. Бирок ага «ишиң болбосун» деп каяша айта аларын да кошумчалады.

Мындан мурдараак Путин Сочиге барганда расмий Москва Вашингтон менен алаканы жөнгө салгысы келерин билдирген жана Трамп менен Жапонияда «Чоң жыйырманын» саммитинде жолугушуу мүмкүнчүлүгү бар экенин жокко чыгарган эмес.

Өткөн жылдын аягында «Чоң жыйырманын» Буэнос-Айрестеги саммитинде АКШ менен Орусиянын президенттери жолугары бир канча жолу айтылганы менен ал жолугушуу болбой калган. Ага Керч кысыгындагы украин-орус деңиз аскерлеринин чатагы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG