Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Атамбаевдин тарапташтары бийликке сегиз талап койду


Кой-Ташта чогулгандар. 27-июнь, 2019.
Кой-Ташта чогулгандар. 27-июнь, 2019.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө чогулган тарапташтары бийликке сегиз талап койду. Анда буга чейин түзүлгөн элдик штаб Кыргызстандын өнүгүшү үчүн маселелерди президент Сооронбай Жээнбеков жана азыркы Жогорку Кеңеш чечерине ишенбей турганы айтылган.

Алар мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдон парламентке, күч түзүмдөрүнө, сотторго түздөн-түз буйрук берүүсүн токтотууну, “көмүскө башкаруучулардын” саясатка кийлигишүүсүнө жол бербөөгө, “саясий туткундарды” бошотууну талап кылышкан. Мындан сырткары эл өкүлдөрүн жогорку трибунаны курал катары колдонбоо талабы айтылган.

Бүгүн Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таштагы үйүндө басма сөз жыйынын өткөрүп, бул талаптар аткарылбаса, бийликти алмаштыруу маселесин көтөрө турганын белгилешти. Басма сөз жыйынга Алмазбек Атамбаев катышкан жок. Анда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Анвар Артыков, Карамат Орозова, Мурадил Мадеминов, Атамбаевдин тушунда президенттик аппаратты башкарган Фарид Ниязов жана адвокаттар журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууну колдоду. Ага депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш беришти.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, Атамбаев мамлекетти башкарып турган учурда ыйгарым укуктарынан аша чапканы жөнүндө маалыматтарды айтты.

XS
SM
MD
LG