Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Ооган президенти Ашраф Гани Пакистанга барды


Ашраф Гани
Ашраф Гани

27-июнда Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин Пакистандагы эки күндүк сапары башталды.

Пакистан өкмөтүнүн башчысы Имран Хандын чакыруусу менен барган Гани ооган жергесинде тынчтык орнотуу жараяны, аймактык, эки тараптуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.

Гани менен Хан көзмө-көз жолугуп, аймактагы бейпилдикти, стабилдүүлүктү камыздоо үчүн эки өлкө ортосунда достуктун жана кызматташтыктын жаңы барагын ачуу тууралуу макулдашты.

Ооган президенти Панжаб провинциясындагы Лахор шаарындагы бизнес-форумга катышмакчы. Бул тууралуу Пакистан премьеринин кеңсеси тараткан маалыматта айтылат.

Өткөн жумада Пакистанда Ооганстандагы жаңжалдашкан тараптарды жараштыруу жолдорун талкуулаган конференция уюштурулган. Ооган делегациясынын курамында мурдагы талаа командири Гүлбиддин Хекматияр, парламент депутаттары болгон. Кабул бийлигинин өкүлдөрү Пакистанга барган эмес.

XS
SM
MD
LG