Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Таза суу маселесин чечүү үчүн бюджеттен 400 млн. сом бөлүнөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таза суу көйгөйүн чечүүгө быйыл бюджеттен 200 млн. сом бөлүндү, жыл аягына чейин дагы 200 млн. сом бөлүнөт. Бул тууралуу 27-июнда парламенттеги өкмөттүк саат учурунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда өлкө аймагындагы 584 айылда суу тартыш.

Биринчи вице-премьер-министр калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында бир катар эл аралык каржы уюмдары (Дүйнөлүк банк, Европа өнүгүү жана реконструкциялоо банкы, Европа инвестициялык банкы, Азия өнүгүү банкы, Ислам өнүгүү банкы сындуу эл аралык каржы уюмдары) каржылык жактан колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи.

Кыргызстандагы жалпы 1800 айылдын 600гө жакынында таза суу жок. Анын ичинен быйыл 57 айылга 2019-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен жана кайрымдуулук, эл аралык уюмдардын жардамы менен таза суу чыгарылат. Өткөн жылы 30 айыл таза суу менен камсыздалган. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG