Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Ошко таза суу бүгүн берилет


Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров маалымдады. Анын айтуусунда, шаардыктар суу ичкен Папан суу сактагычы тарапта сел жүрүп, суу булганган. Буга байланыштуу “Ошсууканал” ишканасы шаардагы айрым аймактарда ичүүчү сууну токтотууга аргасыз болгон.

Бул аймактардын элин таза суу менен камсыз кылуу үчүн атайын унаалар менен суу ташылып берилүүдө.

Оштогу айрым кичи райондордо суу токтогон жок.

Ош шаарында таза суу көйгөйү бир нече жылдардан бери көтөрүлүп келет. Шаар бийлиги муну жабык суу кампасы жетишсиздиги менен түшүндүрүүдө.

Мэриянын маалыматы боюнча, учурда шаарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу аракети көрүлүүдө. (MdN)

XS
SM
MD
LG