Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Ош-Тамчы каттамы менен Ысык-Көлгө алгачкы 88 жүргүнчү учуп барды


Тамчыдагы аэропорт. Оштон учуп барган жүргүнчүлөр. 28.06.2019
Тамчыдагы аэропорт. Оштон учуп барган жүргүнчүлөр. 28.06.2019

Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропорту 28-июнда Ош шаарынан быйылкы жылдын алгачкы каттамын кабыл алды.

«Тез Жет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ысык-Көлдүн жээгине 88 жүргүнчүнү жеткирди. Кайра аны менен Ошко 50 адам учуп кетти.

"Манас" аэропортунун басма сөз кызматы кабарлагандай, Ош-Тамчы-Ош каттамы боюнча учак жумасына төрт жолу: дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү учуп турат.

Социалдык колдонуучулардын айрымдары билет баасы 4 миң сом экенин айтып нааразы болушкан, ал эми "Тез Жэт" баа 2 миң сомдон 4200 сомго чейин экенин "Азаттыкка" билдирген.

Бул аба каттамы 2015-жылы июль айында башталган. Ошондон бери жыл сайын жайкы туристтик сезон учурунда, июнь-сентябрь айларында иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG