Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

Анвар Артыков: Атамбаевдин курал жөнүндөгү сөзүнө маани бербеш керек


Анвар Артыков.
Анвар Артыков.

Жогорку Кеңештеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) фракциясынын депутаты Анвар Артыков өзү колдоп келаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин "курал менен коргоном" деген сөздөрүнө маани бербөөгө чакырды.

Мындай пикирин ал 27-июнда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасына Атамбаевдин Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн түз эфирге байланышка чыккан учурда айтты:

- Алмазбек Шаршеновичтин "курал менен коргоном" дегени - "эч кимиңерге залака жетпесин, мен жалгыз боломун", дегени. Элди тарата албай, айла кеткенде айткан жери. Бул сөзүнө көп деле маани бербеш керек. Биз баарын мыйзам чегинде жасап жатабыз.

Парламент 27-июнда мурдагы президент Атамбаевди кол тийбестик укуктарынан ажыратты. Атамбаев муну "демократияга балта чабуу" катары баалап, тарапташтары митинг уюштурса чогуу чыга турганын билдирген. ​Ал 22-июнда да Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолугушкан учурда сүйлөп жатып, сотко да барбай турганын, керек болсо курал менен коргонорун жарыялаган.

27-июнда Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп бергенде да "Менде курал бар. Каршылык көрсөтөм" деген.

Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде Башкы прокуратура ага коррупцияга байланыштуу бир катар айыптарды коюп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG