Беларус парламентинин төмөнкү палатасы 6000 айыпталуучуга жана иштери тергелип жаткандарга жапырт мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун колдоду.
28-июнда бир добуш менен эки окууда тең жактырылган мыйзам долбоору 1944-жылкы өлкөнү нацисттерден бошотуу операциясынын 75 жылдыгына карата демилгеленген.
Эми парламенттин жогорку палатасы, Республика Кеңеши жактырган соң, документке президент Александр Лукашенко кол коюшу зарыл.
Ички иштер министр Юрий Караевдин айтымында, мунапыс 18 жашка чейинки айыпталуучуларга жана шектүүлөргө, кош бойлуу аялдарга, жашы жете элек балдары бар жалгыз бой ата-энелерге, майыптарга, ооруп-сыркагандарга жана согуш ардагерлерине берилет.
Бул тизмеге коррупцияга жана мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө айыпталгандар кирбейт.