Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

«Apple» компаниясынын башкы дизайнери кызматтан кетет


«Apple» компаниясынын башкы дизайнери Жонни Айв. Калифорния. 21-май, 2016-жыл.

«Apple» компаниясынын башкы дизайнери Жонни Айв кызматтан кетип жатканын корпорациянын өкүлдөрү билдиришти. Маалыматтарга караганда, Айв өзүнүн дизайнерлик студиясын негиздөөнү чечкен.

«LoveFrom» деп аталган студиянын башкы кардарларынын бири «Apple» компаниясы болору күтүлүүдө. Айв «Apple» компаниясы 90-жылдардын соңунда чыгарган түркүн-түстүү компьютерлерден баштап, бардык «iPhone» смартфондорунун дизайнын түзүүгө катышкан. Ал ошондой эле технологиялык гиганттын түптөөчүсү, маркум Стив Жобс менен тыгыз кызматташып келген жана анын «оң колу» саналчу.

Айв компанияны 90-жылдардын ортосундагы кризистен сактап калып, аны дүйнөдөгү ийгиликтүү корпорацияга айландырууга катышкан кызматкерлердин бири.

XS
SM
MD
LG