Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 04:24

Ысык-Көлдө өзбекстандык аял чөгүп кетти


Ысык-Көлдө Өзбекстандан келип эс алып жүргөн аял чөгүп кетти. Окуя 28-июнда күндүз саат экилерде болду. "Тез жардам" кызматы 1950-жылы төрөлгөн Татьяна Линин өлүмүн каттады.

Баштапкы маалыматтарга караганда, эс алуучу Ташкент шаарынан келген. Анын сөөгү аймактык оорукананын өлүкканасына жеткирилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Мындан тышкары милиция териштирүү иштерин баштады.

Аял Бостери айылынын "Кыргыз деңизи" санаторийинде эс алып жаткан. Сөөгүн суудан куткаруучу алып чыккан.

Бул быйыл жайкы сезон башталгандан бери Ысык-Көлдөгү экинчи кырсык. Мурдараак 8-класстын окуучусу чөгүп кеткен.

XS
SM
MD
LG