Чүй облусунун Суусамыр айыл өкмөтүндө Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленип жатат. Иш-чара Суусамырдагы Каракол жайлоосунда улуттук ат оюндардын коштоосу менен өтөт.
Оюндардын программасы боюнча көкбөрү, ат чабыш жана балбан күрөш болот. Бир кезде Кожомкул балбан көтөргөн 635 килограммдык таш жана 300 килограммдан ашык атты көтөрүү боюнча балбандар чоң байгеге жарышат.
Бул үчүн жайлоого ондогон боз үйлөр тигилип, концерттик программалар каралган. Иш-чаранын расмий ачылышына бүгүн, 29-июнда өкмөттөн расмий өкүлдөр жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышат.
Каба уулу Кожомкул 1889-жылы Суусамыр аймагында туулуп, 1955-жылы каза болгон. (SDz)