Бишкек шаардык кеңеши «Газпром Кыргызстан» компаниясы курган мектепти компанияга кайтаруу боюнча сунушту 28-июндагы жыйынында саат 22:30дарга чейин талкуулады.
Депутаттар бир жыйынтыкка келе албагандыктан маселени кароо 2-июлга калганын шаардык кеңештин депутаты Аскарбек Күрүчбеков билдирди.
«Негизи Бишкек шаардык кеңешине 1-июлдан тарта каникул болчу. Бирок аны беш күнгө жылдырып, маселени 2-июлда карамай болдук. Анткени бардык нерселер так болсун деп, шарттарын талкуулап атабыз», - деди Күрүчбеков.
«Газпром-Кыргызстан» компаниясы Бишкек шаарынын түштүк тарабына 960 орундуу мектептин имаратын куруп бүтүп, Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүп берди. Мектептин имараты 6000 чарчы метр болуп бүттү. Ичинде эл аралык стандарттагы эки бассейни, эки спорт залы, бий залы, бейтапканасы жана китепканасы бар.
«Газпром» Бишкек мэриясынан мектепти 20 жылга ижарага берүүнү сурап жатат. Компаниянын суранычы канааттандырылса, ал мектепте окуу акысы ар бир окуучу үчүн айына 22 миң сом болору айтылган. «Газпром» тарап мектепке долбоордо көрсөтүлгөн 960 орундан ашыкча окуучу кабыл алынбай турганын, 960 орундун 25 пайызы акысыз болорун кабарлады. (BTo)