Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:26

«Газпром» өз белегин көзү кыйбай турат


«Газпром-Кыргызстан» компаниясы Бишкекте салган мектеп.
«Газпром-Кыргызстан» компаниясы Бишкекте салган мектеп.

«Газпром-Кыргызстан» компаниясы Бишкек шаарына салып берген мектебин кайра өзүнө 20 жылга кайтарууну суранды.

Азырынча Бишкектин мэриясы «Газпромдун» суранычына расмий жооп бере элек. Бирок «Газпромдун» бул сунушун Жогорку Кеңештин депутаты сындап чыкты.

«Газпром-Кыргызстан» компаниясы Бишкек шаарынын түштүк тарабына 960 орундуу мектептин имаратын куруп бүтүп, Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүп берди. «Борбор Азияда аналогу жок» деп макталып жаткан бул мектептин имараты 6000 чарчы метр болуп бүттү. Ичинде эл аралык стандарттагы эки бассейни, эки спорт залы, бий залы, бейтапканасы жана китепканасы бар.

«Газпром-Кыргызстан» биргелешкен компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров сөз болуп жаткан мектептеги шарттар менен тааныштырып чыкты:

Арзымат Алдаяров.
Арзымат Алдаяров.

«Мисалы, бул химия классы. Бул эки бөлмөдөн турат. Бир бөлмөдө теориялык сабактарды окушса, экинчи бөлмөдө эксперименттерди жүргүзүшөт. Мындан чыкканда эки бассейн бар. Бассейн эл аралык стандартта жасалган. Мында сууда сүзүү боюнча сынактарды өткөрсө да болот. Көрүүчүлөр үчүн орун да даярдалган. Кенже класстын балдары үчүн да бассейн, кургак бассейн курулган. Андан сырткары экинчи кабатта күрөш залы, аскага чыгууга даярдоо, бий залы жана жалпы спорт зал бар. Майып балдар үчүн өзүнчө лифттер, өзүнчө дааратканалар бар. Негизи бул мектепте бардык дааратканалар имараттын ичинде. Балдарды ташып жүрүш үчүн керектүү транспортко гараж да курулган. Мектеп газ менен жылытылат».

«Газпром» мектепти бергиси келбей турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:21 0:00

«Газпромдун» өкүлү сөз болуп жаткан мектепти 20 жылга ижарага берүүнү Бишкек мэриясы суранганын ырастады:

«Мектеп салуу боюнча Бишкек мэриясы менен «Газпром-Кыргызстандын» ортосунда меморандум болгон. Азыр биз ал меморандумдун бардык шарттарын аткарып бүттүк. Мектепти салып бүтүрүп, тапшырдык. Биз коммерциялык эмес фонд түзүп, ошол фонд аркылуу бул мектепти өзүбүз иштетип берели деп, 20 жылга сурадык. Калган кем-карчын каржылоону «Газпром-Кыргызстан» компаниясы өз мойнуна алып жатат».

«Газпромдун» бул сунушу коомчулукта кызуу талкууларга себеп болду. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева «Газпромдун» мектебин мэриянын карамагына алып, ага балдарды бекер кабыл алыш керек экенин айтып чыкты:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

«Бишкек шаарынын Асанбай кичирайонунан 3,5 гектар жерди мамлекет мектеп үчүн бекер берген. Мектептин курулушу бүткөндөн кийин муниципалитетке өткөрүлөрү меморандумда жазылып турат. Азыр Бишкек мэриясы ал мектеп тууралуу токтом долбоорун даярдап жатат. Анда «ал мектепти иштетүүгө биздин бюджет жетпейт» дептир. 960 орундун болгону 20% гана бекер окутуу каралыптыр. Аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 200 гана бекер орун бөлүптүр. Бул боюнча кылмыш иши козголот. Муну мэриянын башын айландырган, «Газпромдун» башын айландырган топтор эске алып коюшсун».

«Газпром» тарап эгерде Бишкек мэриясы мектепти «Газпромго» убактылуу колдонууга берүүнү каалабаса, ичиндеги эмеректерин чыгарып кетерин билдирди.

«Газпром-Кыргызстан» компаниясынын суранычы канааттандырылса, ал мектепте окуу акысы ар бир окуучу үчүн айына 22 миң сом болору айтылууда. «Газпром» тарап мектепке долбоордо көрсөтүлгөн 960 орундан ашыкча окуучу кабыл алынбай турганын убадалашууда. 960 орундун 25% акысыз болмокчу. Анын 20% мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына берилсе, дагы 5% эң мыкты окуган балдарга бөлүнмөкчү. Азырынча калган 750 окуучудан ай сайын алына турган 22 миң сом кандайча пайдаланылары толук ачыкка чыга элек. Бирок жыл сайын мугалимдердин маянасына 50 миллион сом жана балдардын тамак-ашына дагы 50 миллион сомдон коротулары сөз болуп жатат. Бекер окуган 25% окуучу да калган 75% бала төлөгөн 22 миң сомдун эсебинен тамактанып турмакчы. Арзымат Алдаяров аны мындайча чечмеледи:

«Мектеп өтө чоң салынгандыктан аны пайдалануунун бир жылдык чыгымы 200 миллион сомго жакын болуп чыкты. Бишкек мэриясы өз карамагындагы мектептерге бир жылга 35-40 миллион сомдон гана бөлөт. Бишкек мэриясы бул мектепти каржылоого күчү жетпей турганын өзү билдирген».

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары сөз болуп жаткан мектептин курулушун «Кыргызгазды» «Газпромго» 1 долларга сатуу тууралуу келишимдин бир шарты катары жазып келишкен. Бирок «Газпром» менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишимде Кыргызстандын аймактарына мектеп куруу тууралуу сөз болбогонун расмий келишимдин текстинен көрүүгө болот. Ага карабай Бишкектин мэриясы «Газпром» кура турган мектепке кезинде 3,5 гектар жерди Бишкек шаарынын түштүк тарабынан акысыз бөлүп берген. Кыргызстандын аймактарына спорт залдардын жана Бишкек шаарына мектептин курулушу мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен «Газпромдун» башчысы Алексей Миллердин оозеки келишиминин негизинде ишке ашканы айтылып баштады.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

«Мен Бишкекке мектеп куруп берүүнү сурандым. Себеби Бишкекте мектеп жетишпейт. Бишкекте жол маселеси да курч турат. Жылдын аягына чейин Бишкектин 100 көчөсү оңдолот. Биз "Кыргызгазды" «Газпромго» берип жатканыбызда бизди көбү сындап чыгышкан», - деген эле Алмазбек Атамбаев.

Алексей Миллер болсо ишкананын жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берген:

«Биз иштеген бардык аймактарда өсүп келаткан муунга да кам көрүп келебиз. Социалдык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурабыз. Учурда биз Кыргызстанда 7 спорт клуб куруп бүтүрдүк. Дагы экөө курулуп жатат».

Бишкектин мэриясы «Газпром» курган мектепти кантип иштетери боюнча азырынча эч кандай маалымат тарата элек. Бирок шаардын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев «Газпром» курган мектептин чыгымы канча болсо да каржылоого даяр экенин билдирди:

Алмаз Бакетаев.
Алмаз Бакетаев.

«Муниципалдык мекеме же муниципалдык мектеп болсо, муниципалдык бюджет көтөрөт да. Анткени бул милдет да. Эми муну депутаттар чечет. Азырынча маселе кандай чечилип атканын мен билбейм. Бирок муниципалдык мектепти кармоонун чыгымы канча болсо да аны каржылаганга биз милдеттүүбүз. Азыр биз карамагыбыздагы муниципалдык мектептерди каржылоого жылына 23 миллиондон 47 миллион сомго чейин жумшап келатабыз».

Учурда Бишкек шаарында 97 муниципалдык мектепте 150 миңге жакын окуучу билим алып жатат. Мектептердин долбоордогу көрсөткүчү боюнча Бишкектин мектептеринде кеминде 60 миң окуучу ашыкча окуйт. Демек Бишкек шаарына дагы 90 мектеп куруу зарылчылыгы турат десек болот. Шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Чынара Исакова буларды айтты:

«Бишкек шаарынын муниципалитетине караштуу 97 мектеп бар. Ошол 97 мектепте быйыл 157 миң бала окуду. Ошол 97 мектеп 77 миң эле окуучуга ылайыкташкан. Бул Бишкек шаарындагы мектептерде эки эсе көп бала окуйт дегенди билдирет. Учурда мэриянын программасында 16 мектепти куруу маселеси бар. Дагы беш мектепке кошумча имараттарды куруу да пландалып атат».

Кыргызстанда жеке менчик мектептер салыктан бошотулган. Ушул кезде жеке менчик мектеп салууну каалагандарга жерди бекер берүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда.

«Газпром-Кыргызстан» компаниясы мындан ары да Кыргызстандын ар бир облусуна бирден мектеп салууну пландап жатат. «Кыргызгаз» 2013-жылы 1 долларга Орусиянын «Газпром» компаниясына сатылган соң ушул ишкана түзүлгөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG