30-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36,
Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35,
Баткен облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29,
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус болот.
Бишкек шаарында абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 34…36 градус болот.