АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытайдын лидери Си Цзиньпиң соода талаш боюнча диалогду калыбына келтирүүнү макулдашты. Эки өлкөнүн лидерлери бул маселе боюнча Жапониянын Осако шаарында «Чоң жыйырманын» саммитинде сүйлөштү.
Кытайдын жалпыга маалымдоо каражаттары Трамп менен Си Цзиньпиңдин жолугушуусу бир жарым саатка созулганын жазышты. Алардын маалыматына караганда, учурда АКШнын Кытайдын товарларына бажы тарифин көтөрүү боюнча жаңы пландары жок.
Кытай менен Кошмо Штаттардын «соода согушунан» улам АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын 200 миллиард доллардык товарына бажы тарифин 25 пайызга чейин көтөргөн.
Буга жооп катары Кытай май айында жалпы суммасы 60 миллиард доллардык америкалык товарларга бажы тарифин киргизген.
Эки державанын ортосундагы соода талаш дүйнөлүк экономиканын өсүүсүн 0,5 пайызга кыскарта турганын буга чейин Эл аралык валюта фондунун башчысы Кристин Лагард эскерткен.