Бүгүн, 29 июнда Ысык-Көлдө триатлон боюнча Азия Кубогу жана Борбор Азия чемпионаты башталды. Ага 300дөн ашык спортчу катышып жатканын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Мелдештин биринчи күнүндө чебер спортчулар арасында төрт категорияда: 15 жашка чейинки кыздар жана балдар, эркектер жана айымдар арасында жарыштар өтөт. Байге фонду 700 миң сомду түзөт.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Украина, Өзбекстан, Монголия, Кытай, Сирия, Жапония, Тайвань жана Катар мамлекеттеринин атлеттери катышууда.
Азия Кубогу жана Борбор Азия чемпионатын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги Кыргызстандын триатлон федерациясы менен биргеликте өткөрүп жатат. Ага Олимпиадага даярдоо дирекциясынан 1 миллион 147 миң сом бөлүнгөн.
Жарыштар 30-июнда жыйынтыкталат. (GT)