«Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери, буга чейин Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев Бишкек мэриясына караштуу Травматология жана ортопедия борборуна (эл арасындагы аты - №4 шаардык оорукана) которулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, Текебаев ал ооруканага бел омурткаларын текшертиш үчүн жаткырылды. Бир канча жыл мурун Текебаевдин бел омурткаларына операция жасалган экен.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан ири суммада пара алган деген негизде 2017-жылы сегиз жылга кесилген. Муну Текебаев Атамбаевге ачык оппозицияда болгону үчүн саясий куугунтук деп атап келет.
Кыргызстандын Жогорку соту Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыкмай болду. «Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» билдиргендей, Жогорку сот ишти кароону 16-июлга белгиледи. Юристтер бул иштеги негизги күбө болгон Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар бар экенин билдирип жатышат. (TSh)