Казакстандын Нур-Султан шаарында уруксат берилген нааразылык акциясында ар кандай саясий чакырыктар айтылды. Митинг өткөрүш үчүн жергиликтүү бийликтен «Байтак-Болашак» экологиялык альянсы уруксат сураган.
Нааразылык акциясына катышкандар Казакстанда атом электр станциясынын курулушуна, айыл чарба багытындагы жерлерди сатууга, коррупцияга каршы жана турак жай маселесин чечүү боюнча ар кандай талаптарды коюшту. Ошондой эле саясий чакырыктар да болду. Маселен, жарандык активист Айдын Егеубаев жер маселеси боюнча митингде кармалгандар бошотулушу керек экенин айтты. Егеубаев Кытайдагы этникалык казактардын маселесин дагы козгоду. Ал эми активист Болатбек Блалов Арыс шаарындагы кырсык боюнча азыркы бийлик жоопкер экенин белгиледи.
- 19-мартка чейин биздин ураан «Чал, кет!» болсо, эми «Чалдар кетсин!» болушу керек! – деди Блалов.
Бул митингде айрымдар Астананын аты Нур-Султан болуп өзгөртүлүшүнө да нааразы болуп жатышты. Ушул эле күнү Алматы шаарында да тынч митинг өткөрүлдү. Анда казак бийлигин тынч митингдерге чогулууга казак бийлиги тоскоол кылбашы керек деген ойлор айтылды. (TSh)