Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Европада аптап күч алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Батыш жана Борбордук Европада бир нече күндөн бери абанын температурасы кескин көтөрүлдү. Бир катар мамлекеттерде күндүн табы рекорддук чекке жетти. Францияда температура жума күнү рекорддук чектен 2 градус ашып, 45,9 градус болду.

Польша менен Чехияда күндүн табы рекорддук температурадан ашып, шаршембиде 39 градуска жетти. Жекшембиде Германияда, Польшада жана Чехияда ушундай ысык аптап сакталууда.

Эң ысык аба ырайы Франциянын түштүгүндө жана Испанияда болуп жатат. Бул аймактарда бир нече күн катары менен 40 градустан ашты. Испаниянын борбордук жана түндүк-чыгыш бөлүгүндө өрт коопсуздугунун маселеси курч болуп турат.

Европадагы мындай жогорку температурага Сахара чөлүндөгү ысык аба себеп болуп жатат. Алдыдагы жумада Европада аба ырайы салкындашы деп күтүлүүдө. Климатологдор өткөн июнь бир топ өлкөлөрдө ысык ай катары катталып калаары айтылды. Муну алар дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүнүн бир мисалы катары көрсөтүп жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG