Казакстандын Атырау облусунда мунай-газ компаниясындагы калайман мушташтан кийин Иордания менен Ливиянын жүздөгөн жараны аймактан чыгарылды.
30-июнда Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади «Твиттер» баракчасына: «Кудайга шүгүр, алардын баары жакшы. Коопсуздугу корголгон мейманканада жатышат. Бийлик «бардык коопсуздук чаралары көрүлдү, жай-жайына түштү» деп ынандырды», деп жазды.
Министрликтин басма сөз кызматы Теңиз кенинде иштеген 107 иорданиялыктын бешөө жеңил жаракат алганын билдирди.
Ливиянын Казакстандагы элчиси Гискард Эл-Хоури мунай кениндеги 150 жараны башка жакка чыгарылып, полициянын коргоосунда турганын билдирди.
Атырау облустук акимчилиги «Сonsolidated Contracting Engineering and Procurement S.A.L Offshore» (CCEP) мунай-газ компаниясынын жумушчуларынын мушташынан жалпы 30 адам жаракат алганын ырастады.
Кенде иштеген жергиликтүү жана чет элдик жумушчулар 29-июнда мушташа кетишкен. Ага Ливия жаранынын колундагы рацияны кыздын оозуна такап түшкөн сүрөтү «WhatsApp» тиркемеси аркылуу тарап кеткени себеп болгон.
Жумуш ордундагы жаңжалга эмгек шарттарынын бирдей эместиги да себеп болгону айтылууда.