Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:23

Ошто Баткен прокурорунун өлүмү боюнча айыпталуучу күнөөсүн мойнуна албасын билдирди


Мирлан Калыбеков. Баткен районунун мурдагы прокурору сотто күбө катары көрсөтмө берүүдө. Ош шаары. 17-июнь, 2019-жыл.
Мирлан Калыбеков. Баткен районунун мурдагы прокурору сотто күбө катары көрсөтмө берүүдө. Ош шаары. 17-июнь, 2019-жыл.

Ош шаардык соту 1-июлда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болушу боюнча сот жүрүп жатат. Айыпталуучу Мелис Калыков сотто бул кылмышты мойнуна албай тургандыгын, тергөөдө берген көрсөтмөлөрү кыйноо менен алынганын белгилеп, алардан баш тартарын билдирди. Ал ошондой эле тергөөдө көргөн кыйноосу тууралуу президентке, Башкы прокуратурага жана башка бийлик бутактарына кайрылганын, бирок азырынча эч кандай жооп ала албай жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары ал судья Жолборс Кудаяровдон кылмыш иши боюнча толук маалымат менен камсыз кылууну жана соттук кароону сот арачыларынын (присяжные) катышуусунда кароону өтүндү. Калыков тергөөдөгү кылмыш иштери менен толук тааныша албаганын айтып, укугун коргоп берүүсүн соттон сурады.

Сот Мелис Калыковдун өтүнүчүн угуп, кылмыш иши боюнча маалыматтарды адвокаттар аркылуу деле үзгүлтүксүз алууга мүмкүн болгонун айтты. Судья Жолборс Кудаяров соттук териштирүү жүрүп жаткан кезде кылмыш иши боюнча маалыматтар менен тааныштырууга мыйзам жол бербей турганын түшүндүрдү. Ал эми сот арачыларынын катышуусунда ишти кароо тууралуу өтүнүчкө мыйзам күчүнө кире элек экенин айтып жооп кайтарды. Соттун айтымында Бишкек жана Ош шаарларында сот арачылары тууралуу мыйзам 2020-жылдан тартып ишке кирет. Мамлекеттик айыптоо сот арачыларын ишке катыштырууга каршылыгын билдирди.

17-июнда болгон акыркы жараянда Баткен облустук прокурорунун мурдагы орун басары Арсланбек Байбосунов менен Баткен районунун мурунку прокурору Мирлан Калыбеков күбө катары көрсөтмө беришкен. Алар Анарбай Мамажакыпов өлөрдөн бир аз убакыт мурда аны менен тоого мергенчиликке чогуу чыгышкан.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (MdN\ZKo)

XS
SM
MD
LG